Меню
Эл-Сөздүк
Найдены по другим направлениям

Компенсациялык бүтүм

КОМПЕНСАЦИЯЛЫК БҮТҮМ – товарларды өзара алып келип берүү же контрагенттердин кызыкчылыктарын кандайдыр бир башка түрдө канааттандыруу. К. б-дө белгилүү бир баадагы товарларды башка товарларга же кызмат көрсөтүүлөргө алмашуу жүрөт. К. б. жарым-жартылай акчалай жабууну карашы мүмкүн, ал болсо аны товар алмашуу (бартер) бүтүмүнөн айырмалайт. Атамекендик иш-тажрыйбада өнөржай объекттерин курууда (аларды кийин продукция менен төлөө) көп колдонулат.

Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук: