Menu
Эл-Сөздүк

Коммерциялык өкүлчүлүк

КОММЕРЦИЯЛЫК ӨКҮЛЧҮЛҮК – жарандык укукта өкүлчүлүктүн өзгөчө түрү. КР жарандык мыйзамдарына ылайык коммерциялык иштер чөйрөсүн келишимдерди түзүүдө ишкерлердин атынан чыгуучу туруктуу жана өзалдынча иш алып баруучу адам коммерциялык өкүл болуп саналат. Бүтүмдөрдө бир эле мезгилде аргандай тараптардын К. ө-гүн түзүүгө алардын макулдугу боюнча жана мыйзамда каралган башка учурларда жол берилет. Мында коммерциялык өкүл өзүнө тапшырылган ишти демейки ишкердей камкордук менен аткарууга милдеттүү. Ал макулдашылган сыйакы жана компенсацияларды, эгер алардын ортосундагы макулдашууда башкача каралбаса, тапшырманы аткарууда өзү тарткан чыгымдарды келишимдин тараптарынан бирдей өлчөмдө талап кылууга акылуу. К. ө. жазуу жүзүндө түзүлгөн жана өкүлдүн ыйгарым укуктары чагылдырылган келишимдин, ал эми мындай көрсөтмөлөр болбосо – ишеним каттын негизинде ишке ашырылат.

Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук: