Меню
Эл-Сөздүк

Катыштык шайлоо тутуму (өкүлчүлүктүн пропорциоалдык тутуму)

КАТЫШТЫК ШАЙЛОО ТУТУМУ (өкүлчүлүктүн пропорциоалдык тутуму) – өкүлчүлүктүү органга өздөрүнүн талапкерлерин койгондо, мандат партиялардын ортосунда алар алган добуштардын санына ылайык бөлүштүрүлүүчү шайлоолордун жыйынтыгын аныктоо тартиби. К. ш.т-нда арбир партия өз талапкерлеринин тизмесин жылдыруучу чоң шайлоо округдары түзүлөт, ал эми шайлоочу тийиштүү партиянын тизмеси үчүн добуш берет. Мындан сыркары, бир депутаттык мандаты алуу үчүн зарыл болгон эң аз добуштун чеги белгиленет. Мандаттарды партиянын ичинде бөлүштүрүү, эреже катары, талапкерлердин тизмеде жайгашкан тартибине жараша ишке ашырылат. К.ш.т. бүтүндөй парламенттин шайлоодо (Дания, Португалия, Люксембург, Латвия), же болбосо төмөнкү палатаны шайлоодо ганан (Австралия, Австрия, Бельгия, Польша, Бразилия), же болбосо төмөнкү палата курамынын1/2ин (ГФР, ошондой эле РФдеги 1993-жылдын 12-декабрындагы шайлоолордогудай) шайлоодо колдонулат.

Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук: