Меню
Эл-Сөздүк

Кампада сактоо келишими

КАМПАДА САКТОО КЕЛИШИМИ – товардык кампа (сактоочу) ага товардын ээси (жүк тапшыруучу) тапшырган товарларды акысына сактоого жана аларды түгөл кайтарып берүүгө милдеттенген келишим. К. с. к. сактоо келишиминин бир түрү болуп саналат. Жеке ишкердик ирээтинде товарларды сактоо жана ушуга байланышкан кызматтарды көрсөтүүчү уюм товардык кампа катары таанылат. Товардык кампа, эгер мыйзам, укуктук башка актыларда жана ошол коммерциялык уюмга берилген улуксаттан (лицензиядан) ал кандай гана товар ээлеринен болбосун товарларды сактоого алууга милдеттүү болсо, жалпы пайдалануудагы кампа катары эсептелет. Жалпы пайдалануудагы товардык кампа менен түзүлгөн келишим жалпы болуп саналат.

Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук: