Меню
Эл-Сөздүк

КУНДУЗ

КУНДУЗ (иранча хухане — көөнө, эски; диз — чеп, сепил, коргон) — топоним. Ооганстандын түндүгүндөгү шаар жана ага караган аймак. 17-кылымда каттаган уруусу түндүк тараптан көчүп барып отурукташкандан кийин К. ш-нын чөйрөсүндөгү жер «Каттагани вилаети» деп аталат. Эпостун айрым варианттарында: «Кундуз, Талкан жайлаган, Кундуздай кара ат байлаган, Аталык уулу эр Кошой» (Сагымбай Орозбаков, 2. 199),— деп айтылып, негизги каармандардын бири Кошойдун ата мекени катары баяндалат. Географиялык реалияда Ооганстандын түндүгүндөгү шаар жана өрөөн.

кундуз

зат. 1. Териси баалуу, сууда жашоочу кара күрөң түстөгү сүт эмүүчү жырткыч жаныбар жана анын териси. Будурунда бугу бар, Кумдак сууда кундуз бар («Манас»). Кезинде жаштар суу болбойт, Кубулуп кундуз сууда ойнойт (Маликов). Эптеп кундуз таап берсең, кызыма тебетей жасап коёюн (Касымбеков).
2. Аттын туягынын үстү жагына түшүп турган кырка жүн жана буттун ошол тушу. Аттын кундузунан кан алыптыр.

Также найдены следующие похожие слова на Кыргызском языке
strtoupper(KG)
Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук: