Меню
Эл-Сөздүк
Найдены по другим направлениям

КОРБАШЫ

КОРБАШЫ — бир топтун жетекчиси, башчысы; Букара кандыгынын учурунда курал-жабдык турган үйдү башкарган адам. Эпосто экинчи маанисинде жолугат. Мисалы, Жакып Манаска аял алып бергени кыз издеп Букарга келгенде: «Жакшы кыз көрсөтөбүз деп Ак таяк менен корбашы Жуда келип калганы» (Сагымбай Орозбаков, 2. 352),— деп сүрөттөлөт. Алар Жакыптан эки жамбы алгандан кийин бакчада жүргөн Санирабиганы (Каныкейди) шыкаалап көрсөтөт.

корбашы

зат. 1. тар. Кокон хандыгындагы жергиликтүү полициянын башчысы. Элүү башы, он башы, Эл бийлеген корбашы (Токтогул).
2. Басмачылар шайкасынын жетекчиси, уюштуруучусу. Иштин түбү Мамат корбашыдан,деп энем дагы ыйлады (Жантөшев). Өзүңүз билесиз, ал азыр басмачылардын корбашысы. Анын үстүнө атамды да ала кетти («Ала-Тоо»).

Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук: