Меню
Эл-Сөздүк

КЕҢ-ӨЗӨН

КЕҢ-ӨЗӨН — топоним. Эпосто көп окуяларда кездешет. Семетейдин Кардыгачка жолукканында:
Көз көрсө курсак көп кайнайт
Кең-Өзөн, Кең-Кол жериңиз,
Кеп кылдым аман бар бекен,
Кеңири аргын элиңиз (Саякбай Каралаев, «Семетей», 1. 268),

— деп Кардыгач К.-Ө-дү жердеген Бакайдан эл-журтунун амандыгын сурайт. Географиялык реалия катары Таластын оң куймасы Кеңкол өзөнү.


Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук: