Меню
Эл-Сөздүк

КЕЧИЛ

КЕЧИЛ — ламаизм дининдеги элдердин атайын касам ичкен дин кызматкери. К. жөнүндө эпосто:
Сары-Суунун боюнда
Оркойгон күрөө көрүнөт.
Ал күрөөгө барганда
Кызыл сакал топусу,
Ал кытайдын сопусу
Ошол күрөөдө болот кечили (Саякбай Каралаев, 2. 19),

— деп сүрөттөлөт.
К. болгон адам дүйнөдөн безүү, үй-жай, мүлкүн кечүү, дүйнөдөн так өтүү, туугандык жана социалдык байланыштарды үзүү, катаал тартипке баш ийүү сыяктуу эрежелерди аткарган: «Катын алып жүрбөгөн Кытайлардын кечил деген молдосу» (Саякбай Каралаев, 2. 101). К. көбүнчө кытай маанисинде да колдонулат: «Кебез белбоо, кең өтүк, кечилдин каны Коңурбай» (Саякбай Каралаев, 2. 129). К-дер өздөрүнчө социалдык диний топту түзгөн, ал кечилдик деп аталган. К-дин алгач Индияда биздин заманга чейин 1-миң жылдыкта пайда болуп, кийинчерээк Кытай, Япония, Тибет, Түштүк-Чыгыш Азия, Ыраакы Чыгыштагы өлкөлөрдө өнүккөн, к. Күрөө.
Ы. Кадыров

кечил

кечил (зат а.)
кечил өт-
кечил шайтан маймыл
(зоол.)

кечил-

кечил-

кечил

зат. Калмактардын монахы.
¨ Кечил өтүү — дүйнөдөн так өтүү, бойдок өтүү.

Также найдены следующие похожие слова на Кыргызском языке
strtoupper(KG)
Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук: