Меню
Эл-Сөздүк

КАШКА

КАШКА — уруу башкаруучу же уруудан, жоокерлердин арасынан чыккан мыкты жетекчи. билгич адам: ,
Салтанаттуу сай кашка
Сайышы журттан бир башка!
Кызыл байрак кырк кашка,
Кыраакы Манас бадыша,
Кылыгы журттан бир башка! (Сагымбай Орозбаков, 3. 174).

К-нын төмөнкүдөй маанилери бар: 1) Жылкынын маңдайындагы ак белги. 2) Өтө чыгаан, эң көрүнүктүү башкаруучу, жетекчи бийликте турган адам. 3) Тайманбас, бетке айткан, улуу адамга көп ишенбеген аял киши. 4) Уруунун аты (мисалы, жети кашка). Жалпысынан алганда эпосто төрт мааниси тең кездешет. «Мажму ат-таварихте» маңдайларына ак кашкалары бар 7 атка минген, 7 бир туугандын жети кашка деп аталгандыгы жөнүндө баяндалат. Мындан тышкары солто уруусунда жана ферганалык кыпчактардын ичинде «жети кашка» аттуу уруунун болгону белгилүү. Ал эми 1582-ж. жазылган түрк автору Сейфинин чыгармасында «кыргыздардын каны жок, бектери гана бар, аларды «кашка» деп айтышат. ««Кашка» калмактарда да жыш кездешүүчү титул» — деген маалымат бар. Бул жагдай «Манастын» В. Радлов жазып алган вариантынан айкын көрүнүп турат: «Калакай кашка дегеним, Каның барбы дегеним» (Радлов жазып алган вариант, 9). Ошону менен катар К. 17-кылымда Эне-Сайлык кыргыздарда (хакастарда — титул катары) кездешет. Орус жазма булактарында алардын бектерин кашка деп айтышкандары белгилүү. К. кыргыздарда, хакастарда, өзгөчө «Манас» эпосунда титул, жетекчи маанисинде колдонулушу кыргыз жана хакас элдеринин түпкү тамырлары бир экенин даректейт.
И. Молдобаев

кашка

кашка (тайманбас, баш каруучу) (эск.)

кашка

кашка
кашка баш
кашка беде
кашка жилик
кашка жол
кашка суу (геог.)
кашка тиш
кашка чымчыктар

кашка

сын.. 1. Малдын же башка айбандардын маңдайындагы ак тилке. Ал ат жээрде кашка (Жантөшев).
  1. 2.                  Чачы жок, жылмакай. Кашка баш.
  2. 3.                  Таза, тунук. Булактын көк кашка суусунан.. алып, көчтү көздөй жөнөйт (Таштемиров).
  3. 4.                  Акылдуу, даанышман, эстүү. Акундун кызы Айчүрөк Кереметтүү кашка эле («Семетей»).
  4. 5.                  Тартынбаган, ийменбеген, айбыкпаган.

¨ Аттын кашкасындай таамай, ачык, так, даана. Көй кашка к. көй. Кашка жол — тасырайган даңгыр жол. Шыпты кашка — шок, шыпылдак. Бул шыпты кашка азын-оолак малдын этегине эртең эле чыгат.. [деди бай] (Аалы). Кара кашкаэс. 1) квитанция, акча же башка бир нерсе төлөгөндүгүн аныктоочу кагаз; 2) оюндун аты.

Также найдены следующие похожие слова на Кыргызском языке
strtoupper(KG)


Такое же слова на других языках:

RU


Похожие слова на других языках:

RU
Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук: