Меню
Эл-Сөздүк

Ички зайым облигациялары

ИЧКИ ЗАЙЫМ ОБЛИГАЦИЯЛАРЫ – ички мамлекеттик зайымдарды жолжоболоштуруу каражаты болгон баалуу кагаздардын бир түрү. И. з. о. адатта көрсөтүүчү жакка карата чыгарылат. Киреше түрлөрү боюнча ал өзара пайыздуу жана пайызсыз болуп бөлүнөт. Киреше утуш таризинде да төлөнөт (атайын утуш нускасы). И. з. о. жайгашкан чөйрөнүн субъекттерине жараша алар мындайча бөлүнөт: эркин жүгүртүлүүчү же жүгүртүм алкагы чектелген (м.: юридикалык жактар арасында гана). Ыктыярдуу негизде таркатылат. Ошого карабастан, көптөгөн мамлекеттердин тарыхында И. з. о-н мажбурлоо аркылуу (тилкат боюнча) жайгаштырган учурлар дагы белгилүү. Ошондуктан, жайгаштыруу түрү боюнча да тапташтырылышы мүмкүн. Төлөө таризи боюнча мындай болушу мүмкүн: мамлекеттик валюта боюнча төлөнчү; чет өлкө валютасы боюнча төлөнчү (кээ учурларда чыгаруу шарттарынын өзгөчөлүктөрүнө жараша). Эмитентине жараша: КР Өкмөтү же КР Каржы министрлиги тарабынан чыгарылган облигациялар; жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдары тарабынан чыгарылган облигациялар.

Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук: