Меню
Эл-Сөздүк

ИСТОРИЗМДЕР

ИСТОРИЗМДЕР — азыркы тилибизде сейрек колдонулган буюм, зат, кубулуш аттарын жана айрым адамдардын социалдык артыкчылык абалын билдирген сөздөр. «Манастын» каармандарына карата айтылган кан, бек, төрө, корбашы сыяктуу титулдук наамдар; жаа, айбалта аттуу жоо куралдары, соот, чопкут, калкан жана башкалар согуштук коргонуу кийимдери конкреттүү тарыхый шартка байланыштуу пайда болгонун аныктоо зарылдыгын белгилешет. И-дин архаизмдерден айырмасы — азыркы тилибиздин лексика системасында семантикалык эквиваленти болбойт. И. көбүнчө илимий эмгектерде жана тарыхый көркөм чыгармаларда колдонулат.


Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук: