Меню
Эл-Сөздүк

Зомбулук

ЗОМБУЛУК – бир адамдын КР Конституциясында кепилденген жарандын жеке колтийбестик укугун бузууга экинчи адамдын психикалык жана денебоюна таасир этүүсү. Денебойго З. адамдын организмине түздөнтүз залал келтирүүдөн: уруп-согуудан, денесине жаракат келтирүүдөн, аркыл ыкмалар менен жабыркатуудан (анын ичинде кандайдыр бир заттарды жана нерселерди колдонуу менен) ж. б. көрүнөт. Психикалык З. жабырлануучунун каршылык көрсөтүүгө эркин майтаруу үчүн адамды психикасына коркутуу менен таасир этүүдө (атап айтканда, уруп-согуу опузасы менен) жатат. З. кылмыш кылуунун ишти оорлотуучу (өзгөчө мыкаачылык менен кылмыш жасоодо же жабырлануучуну мазактоо менен) жагдайы, болбосо кылмыш курамынын конститутивдик (жиктелүүчү) белгиси (м.: зордуктоодо) болуусу мүмкүн.

зомбулук

зомбулук, зомбулугу, зомбулукка

зомбулук

зат.Зордук, күчкө салуучулук. Каруусуз кишилерге зомбулук иштеген бай баласы, бек баласы... (Сыдыкбеков).

Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук: