Меню
Эл-Сөздүк

Жарандык абал актылары

ЖАРАНДЫК АБАЛ АКТЫЛАРЫ – 1) жарандардын укуктук абалдарын мүнөздөөчү, ошондой эле, жарандардын укуктары менен милдеттеринин өзгөрүүсүнө, же токтоосуна, пайда болуусуна таасир этүүчү аракеттер же окуялар; 2) ал окуялардын каттоого алынуусу. Туулгандыгы, өлгөндүгү, никеге тургандыгы, никени бузгандыгы, бала асырап алгандыгы, аталыкты аныктоо, атын, атасынын атын, фамилиясын алмаштыруу туралуу Ж. а. а. мамлекеттик каттоодон өткөрүлүүгө тийиш. Каттоо мамлекеттик бийлик органдары тарабынан уюштурулган Ж. а. а. түзүүчү органдар тарабынан жүргүзүлөт.

Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук: