Меню
Эл-Сөздүк

Жарандык абалды каттоо актылары

ЖАРАНДЫК АБАЛДЫ КАТТОО АКТЫЛАРЫ – тийиштүү окуялардын жана аракеттердин чындыгын күбөлөндүрүү максатында, компетенттүү органдар тарабынан катталган жарандык абалдар тууралуу жазуу жүзүндөгү маалыматтар. Каттоо өзүнүн артынан юридикалык натыйжаларды алып келүүчү белгилүү жагдайлардын далили болуп саналат. Туулгандыгы жана жаңы төрөлгөн баланын аты, атасынын аты жөнүндөгү маалыматтар, никеге туруу жана аны бузуу, бала асырап алуу, аталыкты аныктоо, аты-жөнүн, атасынын атын өзгөртүү, каза болгондугу жөнүндөгү маалыматтар сөзсүз мамлекеттик каттоого жатат.

Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук: