Меню
Эл-Сөздүк

ЖИРМУНСКИЙ

ЖИРМУНСКИЙ Виктор Максимович (1891, Санкт-Петербург —1971, Ленинград) — советтик филолог. СССР Илимдер акдемиясынын корреспондент мүчөсү (1939), академиги (1966). Петербург университетин бүтүргөн (1912). Саратов университетинин (1917), Ленинград университетинин (1956), Москва университетинин профессору. Ж.— герман тилдерин изилдөө боюнча СССРдеги эң ири окумуштуулардын бири. Орус жана Батыш Европа адабиятынын теориясы, тарыхы боюнча көп эмгектерди жараткан. Ж-дин түрк элдеринин фольклору боюнча жазган эмгектери да арбын. Ал 1941-ж. Ленинград немец фашисттердин курчоосунда калганда Ташкенге эвакуацияланган.


Бул жерде 1944-жылдын октябрь айына чейин калып, Орто Азия мамлекеттик университетинин профессору, Өзбек ССР Илимдер акдемиясынын Тил жана адабият институтунун фольклор бөлүмүнүн башчысы, Тарых-филология илим изилдөө интунун директору болуп иштеген. Ошол кезде түрк элдеринин эпостору менен кеңири таанышып, омоктуу изилдөөлөрдү жараткан. Ж-дин изилдөөлөрүндө кыргыз эпостору, айрыкча «Манас» кеңири чагылдырылат. «Узбекский народный героический эпос» (1947, X. Т. Зарифов менен бирге), «Сказание об Алпамыше и богатырская сказка» (1960) деген эмгектеринде «Манас» эпосунун мотив, сюжет, образ жана башкалары салыштырма материал катары тартылган. Ж-дин «Введение в изучение эпоса "Манас"» (1948) аттуу китеби «Манасты» көркөм мурас катары изилдөөнүн, манасчылардын айтуучулук өнөрүнө баа берүүнүн, образдар системасын, сюжеттерди, эпостун жаралуу тарыхын жана анда тарыхтын чагылдырылышын иликтөөнүн негизги багыттарын аныктады. Ж-дин бул китебиндеги илимий тыянактар азыр да өз күчүн жогото элек (к. «Введение в изучение эпоса "Манас"». Ж. Берлиндеги Герман Илимдер акдемиясынын (1956), Британ Илимдер акдемиясынын (1962), Дания Илимдер акдемиясынын (1967), Бавария Илимдер акдемиясынын (1970) корреспондент мүчөсү болгон. Ленин ордени, башка эки орден менен сыйланган.
С. Кайыпов


Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук: