-
ЖЕНТЕК
-
ЖЕНТЕК — бала төрөлгөндө той берүү салты. «Манаста» да сакталган. Манас төрөлгөндө Ж. той берилип, тийиштүү жөрөлгөлөр менен коштолуп өткөрүлгөндүгү сүрөттөлөт. Карыганча баласыз арманда жүргөн Жакып карыя менен Чыйырды байбиче тилегине жетип, балалуу болот да бул тойго күн мурунтан даярданып, камдап жүргөн тамак-ашы (сары май, кошкон май, курут, бал-шекер жана башкалар), боорсок жасалып, көп мал союлганы айтылат:
Чакырып журтка бериптир
Сегиз бээ союп жентекти.
Тоюнбаган тоюнуп,
Топтогон малдар союлуп
Ачтын баары тоюнуп (Сагымбай Орозбаков, 1. 79).
Радлов жазып алган вариантта төмөнкүчө сүрөттөлөт: «Жаткенден келген жети элчи, Жентегин мыктап жеп кетти, Манас желмогуз чыгат деп кетти».
Найдены по другим направлениям
Также найдены следующие похожие слова на Кыргызском языке
strtoupper(KG)
Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук:
ЖЕНТЕК