Меню
Эл-Сөздүк
Найдены по другим направлениям

ЖАБАГЫ

ЖАБАГЫ — этноним. Борбор жана Орто Азиядагы түркий уруунун аты. Ж. уруусунун бир бөлүгү кыргыздарга да жуурулушкан. Түрктүн улуу аалымы Махмуд Кашкар (11-к.) йабаку, кыргыз, кыпчактардын көк кылычты алдыга коюп шерттешүү салты жалпы болгондугу тууралуу эскерген. Ошондой кылымдардагы фарсы булактарында «йабаги» аттуу түркий этноним жолугат. «Манас» эпосунда Ж. адамдын энчилүү аты катары эскерилет: «Аскардын уулу Жабагы» (Сагымбай Орозбаков, 1. 238). Бул ысым кыргыз урууларынын бири үчүн этноним болуп калган.

жабагы

жабагы (кулун)

жабагы

жабагы (жазгы жүн)

жабагы

I зат. Беш-алты айлык кулун (жазда туулуп, күзгө жеткен маалындагы кулун). Жабагысы тай болду, Жалпы журту бай болду («Мендирман»). Жабагыны ат болбойт деп кордобо (макал).
ЖАБАГЫ II зат. Койдун жазгы жүнү, даакы жүн.

Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук: