Меню
Эл-Сөздүк
Найдены по другим направлениям

Доодон баштартуу

ДООДОН БАШТАРТУУ – башталып калган сот жүрүмүн токтото турган доогердин тескеме аракети. Мында доогер жоопкер менен болгон өзүнүн материалдык-укуктук талашынын жана өзүнүн жеке укугунун же мыйзамдуу кызыкчылыгынын сот тарабынан корголушун кароо жөнүндөгү өтүнүчүнөн баштартат. Жоопкер тараптын доогер алдындагы милдеттенмесин өз эрки менен аткаруусу, доонун ачык-так негизделбегендиги, ошондон улам доогердин сот жүрүмүн уттуруп ийбөө каалоосу буга жүйө болушу мүмкүн. Доогер өзү койгон доодон толук же жарым-жартылай баштартуусу мүмкүн. Сот жарым-жартылай баштартууну кабыл алуу менен, сот ишинин калган бөлүгүн мааниси боюнча гана чечет.

Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук: