Меню
Эл-Сөздүк
Найдены по другим направлениям

Доого укук

ДООГО УКУК – кызыкдар жактын өзүнүн бузулган же талашка түшкөн субъективдүү укугун мажбурлап коргоп берүүнү соттон талап кылуу мүмкүнчүлүгү, б. а. коргоп берүү өтүнүчү менен сотко кайрылууга жана ага жетишүүгө мүмкүнчүлүгү (материалдык маанидеги Д. у.). Мындай мүмкүнчүлүк мамлекет тарабынан камсыз кылынат жана мыйзам аркылуу бекемделет. Процесстик мааниде Д. у. сотко кайрылууга укукту гана билдирет. Биринчи маанисинен айырмаланып экинчи маанисинде Д. у. доо мөөнөтү бүткөндөн кийин жокко чыгарылбайт. Д. у-ка КРдин баардык жарандары жана юридикалык жактары ээ. Мыйзамда чет өлкөлүк жарандарга, жарандыгы жок адамдарга, чет өлкөлүк ишканалар менен уюмдарга да сотко доо менен кайрылууга мүмкүндүк берилген. Бирок, КР жеке жана юридикалык жактарынын Д. у-к чектеген мамлекеттерге жооп катары алардын жарандарынын жана жеке жактарынын да Д. у-гу чектелет.

Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук: