Меню
Эл-Сөздүк

Демократия

ДЕМОКРАТИЯ (гр. demokratia – эл бийлиги, demos – эл, kratos – бийлик) – азыркы түшүнүк боюнча, баш мыйзам менен мыйзамдардын үстөмдүгү, жарандардын эркиндиги менен теңдиги, эл бийлиги менен саясий ырашкерликти, адам укугунун ажыратылбастыгы сындуу көзкараштарды таанууга негизделген мамлекеттик түзүлүш таризи. Өнүккөн эл өкүлчүлүгүнөн турган бийликти бөлүштүрүү менен, республикалык башкаруу аркылуу ишке ашырылат. Д. мамлекет (байыркы Афина) менен бирге пайда болгон. Ал азыркы коомдо азчылыктын укугун чектебеген көпчүлүктүн чын эркин, негизги мамлекеттик органдардын шайламдуулугун, жарандардын саясий эркиндиги менен укугунун бар экендигин, алардын теңдигин, мыйзам үстөмдүгүн, конституциялуулукту, бийликтердин бөлүнүшүн туюндуруп турат. Ал түздөнтүз Д. (негизги чечимдер жалпы элдик добуш берүү, жыйын аркылуу жарандардын түздөнтүз катышуусу менен кабыл алынат) өкүлчүлүк Д-сы (чечимдер шайланма мекемелер – парламент ж. б.) аркылуу кабыл алынат. Д. институттары укуктук мамлекеттерде кыйла толук өркүндөйт.

демократия

зат. 1. Бийлик элдин колунда болгон мамлекеттик башкаруунун формасы.
2. Кандайдыр бир коллективдин жетекчилик принциби, көпчүлүктүн катышуусу, пикири чечүүчү мааниге ээ болгон.

Также найдены следующие похожие слова на Кыргызском языке
strtoupper(KG)


Такое же слова на других языках:

RU


Похожие слова на других языках:

RU
Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук: