Меню
Эл-Сөздүк
Найдены по другим направлениям

Бөлүнүү балансы

БӨЛҮНҮҮ БАЛАНСЫ – юридикалык жактарды кайра уюштурууда анын укуктары менен милдеттери бөлүнүү жолу аркылуу жаңыдан пайда болгон жакка өтүүчү документ. Б. б. кайра уюштурулуп жаткан юридикалык жактын тараптар талашып жаткан милдеттенмелери менен кошо, кредитерлору менен карызкорлоруна карата баардык милдеттенмелер боюнча мураскорлук жөнүндөгү жобону камтууга тийиш. Б. б. юридикалык жакты кайра уюштуруу чечимин кабыл алган юридикалык жактын уюштуруучулары (катышуучулары) же органы тарабынан бекитилип, жаңыдан пайда болгон юридикалык жакты мамлекеттик каттоодон өткөрүү же ошол эле юридикалык жактын уюштуруу документтерине өзгөртүүлөр менен толуктоолорду киргизүү үчүн уюштуруу документтери менен кошо берилет.

Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук: