Меню
Эл-Сөздүк
Найдены по другим направлениям

Бузуку аракет

БУЗУКУ АРАКЕТ – КР кылмыш-жаза мыйзамдары боюнча жыныстык колтийбестикке жана инсандын укуктук эркиндигине каршы кылмыш; ага күнөөлүүнүн өзүнүн, башка бирөөнүн жыныстык ышкысын канагаттандыруу, болбосо эрезеге жетелектердин тубаса жыныстык сезимин козгоо же канагаттандыруу максатын көздөгөндөр кирет. Аялдарга жыныстык органын көрсөтүү, болбосо эрезеге жетелектердин көзүнчө жыныстык катнаш жасоо, ошондой эле алар менен сексуалдык мүнөздөгү кептерди ачык айтуу да Б. а-ке жатат. Б. а-тин өзгөчөлүгү – зордук-зомбулуктун жоктугу.

Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук: