Меню
Эл-Сөздүк

Блокада (согуштук) (камалоо)

БЛОКАДА (согуштук) (КАМАЛОО) (англ. blockade ) – эларалык укуктун көз карашынан алып караганда, курчоого алынган объектге өзүнүн тышкы байланыштарын жүргүзүүгө мүмкүндүк бербей, толук курчоо менен ишке ашырылуучу аскердик уруш аракетинин өзгөчө таризи. Б. кургакта, сууда, абада болуусу мүмкүн. Деңиз Б-сы көбүрөөк кездешет. Заманбап эларалык укукта, Б., эгер ал БУУнун Коопсуздук Кеңешинин чечими менен аргасыз кылуу чарасы катары киргизилбеген болсо, анда баскынчылык акты катары каралат.

Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук: