Меню
Эл-Сөздүк

Бириккен улуттар уюму (буу)

БИРИККЕН УЛУТТАР УЮМУ (БУУ) –1945-жылы антигитлердик коалициянын жетектөөчү өлкөлөрүнүн (СССР, АКШ, Кытай, Англия жана Франция) демилгеси боюнча түзүлгөн, универсалдуу эларалык коопсуздук уюму. Ал төмөндөгүдөй максаттарда түзүлгөн: эларалык тынчтыкты жана коопсуздукту сактоо; дүйнөгө коркунучту болтурбоонун жана алдыналуунун жамааттык натыйжалуу чараларын көрүү; зомбулук актыларын басуу; эларалык талаш-тартыштарды тынчтык каражаттары менен чечүү; элдердин ортосундагы достук мамилелерди өнүктүрүү; экономикалык, социалдык, маданий жана кайрымдуулук мүнөздөгү эларалык маселелерди чечүүдө эларалык кызматташтыкты ишке ашыруу; расасына, жынысына, тилине жана динине карабастан адамдын укуктарына жана негизги эркиндиктерине урматтоону өнүктүрүү жана колдоо. 2005-жылы БУУнун курамына 191 мамлекет кирип турат. БУУнун башкы органдары: БУУнун Башкы Ассамблеясы, БУУнун Коопсуздук Кеңеши, Экономикалык жана Социалдык Кеңеш, Камкорчулук боюнча Кеңеш, БУУнун Эларалык Соту, Катчылык, БУУнун Башкы Катчысы. КР 1992-жылдын 2-мартынан баштап БУУ мүчөсү болуп таанылган.

Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук: