Меню
Эл-Сөздүк
Найдены по другим направлениям

Биригүү укугу

БИРИГҮҮ УКУГУ – эгер сөз партиялар, саясий кыймылдар ж. б. жөнүндө болсо, адамдын жана жарандардын негизги саясий укуктарынын бири. Бирликтердин жана ассоциациялардын эркиндиги деген аталыш менен да белгилүү. Кандай гана болбосун (мыйзам чектеринде) бирлик түзүү укугун берет. Көп учурларда конституцияларда жана башка мыйзамдарда Б. у-н чектөөлөр жашыруун коомдорду, аскерлешкен уюмдарды жана коомго каршы максаттардагы бирикмелерди уюштурууга тыюу салуулар түрүндө кездешет. Адатта, Б. у. ошондой эле коомдук бирикмелердин ишмердигинин эркиндигин жана алардын тең укук принциптерин көздөйт. Б. у. абсолюттук укук эмес жана өзгөчө кырдаалдар же согуштук абал киргизилгенде чектелиши мүмкүн.

Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук: