Меню
Эл-Сөздүк

Биржа тооруктарынын келүүчүлөрү

БИРЖА ТООРУКТАРЫНЫН КЕЛҮҮЧҮЛӨРҮ – биржага мүчө болбогон, бирок анын уюштуруу документтерине ылайык биржалык бүтүмдөрдү түзүүгө укуктуу жеке жана юридикалык жактар. Б. т. к. туруктуу жана бир жолку болушу мүмкүн. Туруктуу келүүчүлөр – биржа мүчөлөрү үчүн белгиленген тартипте жана шарттарда, бирок айрым өзгөчөлүктөр менен биржалык ортомчулукту жүзөгө ашырууга укуктуу брокердик фирмалар, брокердик кеңселер же көзкарандысыз брокерлер. Туруктуу Б. т. к. биржа кызматынан пайдаланышат жана биржанын тийиштүү башкаруу органы аныктаган өлчөмдө биржа тооруктарына катышуу укугу үчүн акы төлөөгө милдеттүү. Бир жолку Б. т. к. өз атынан жана өз эсебинен айкын товарга гана бүтүм түзүүгө акысы бар.

Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук: