Меню
Эл-Сөздүк
Найдены по другим направлениям

Билим алууга укук

БИЛИМ АЛУУГА УКУК – адамдын конституциялык абдан орчундуу социалдык укуктарынын бири, ал инсандын жана бүтүндөй коомдун өнүгүшү үчүн өбөлгөлөрдү түзөт. Мексиканын 1917-жылдагы Конституциясынан тартып баардык өлкөлөрдүн негизги мыйзамдарында бекемделген, барган сайын бул укуктун мазмуну кеңейүүдө. Азыркы мезгилде демократиялык мамлекеттерде Б. а. у. кеңири маанисинде адатта төмөндөгү укуктарды камтыйт: мамлекеттик жана муниципиалдык мектептерде жана башка билим берүү мекемелеринде акысыз баштапкы же орто билим алуу; ата-эненин өз баласын окутуу таризин (диний, диний эмес) тандай алышы; окутуучулук эркиндиги; жеке менчик окуу жайларын уюштуруу. Көптөгөн конституцияларда Б. а. у. ата-энелердин (же аларды алмаштырган адамдардын) өз балдарынын баштапкы (же жалпы негиздеги) билим алуусун камсыз кылууга милдеттүүлүгү менен бекемделген. КРде Б. а. у. Конституцияда бекемделген.

Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук: