Меню
Эл-Сөздүк

Башкы полис боюнча камсыздандыруу

БАШКЫ ПОЛИС БОЮНЧА КАМСЫЗДАНДЫРУУ – жарандык укукта бир тектүү мүлктөрдүн (товарлар, жүктөр д. у. с.) аркыл топторун белгилүү бир мөөнөт ичинде жана бирдей шарттарда тутумдуу камсыздандыруу, ал бир эле келишим – башкы полис боюнча жүзөгө ашырылат. Камсыздануучу башкы полиске тийешеси бар мүлктүн арбир тобу жөнүндө ушул полисте каралган маалыматтарды анда көрсөтүлгөн мөөнөттө, эгер мөөнөт көрсөтүлбөсө, топту алары менен дароо камсыздандыруучуга билдирип турууга милдеттүү. Камсыздоочу ордун толтурууга тийиштүү зыян тартуу мүмкүнчүлүгү жок болгон учурда камсыздануучу тийиштүү маалыматтарды билдирүү милдетинен бошотулбайт. Камсыздануучунун талабы боюнча камсыздоочу башкы полиске тиешеси бар мүлктүн аркайсы топтору боюнча өзүнчө полистерди берүүгө милдеттүү. Бул полистердин мазмуну башкы полиске тура келбеген учурда өзүнчө полис жарактуу деп табылат.

Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук: