Меню
Эл-Сөздүк
Найдены по другим направлениям

Барымта берүүчү

БАРЫМТА БЕРҮҮЧҮ – барымта менен кепилденген милдеттенмеге карата үчүнчү тарап болобу, же карыз алуучунун өзүбү, мүлктү барымтага берүүчү жак. Б. б. барымта менен кепилденген милдеттенме боюнча карыздар өзү да, болбосо ал милдеттенмеге катышы жок үчүнчү адам да боло алат. Буюмдарды Б. б. алардын ээси, же болбосо ага карата чарба жүргүзүү укугу бар адам болушу мүмкүн. Буюмдар менен чарба жүргүзүү укугу бар адам аларды менчик ээсинин макулдугу менен барымтага коюуга укуктуу. Мүлктүк укукту барымтага берүү ал укук таандык болгон адамда болот.

Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук: