Меню
Эл-Сөздүк

Банктык сырларды түзгөн маалыматтарды берүү

БАНКТЫК СЫРЛАРДЫ ТҮЗГӨН МААЛЫМАТТАРДЫ БЕРҮҮ – мыйзамда белгиленген учурларда жана негиздер боюнча гана белгилүү маалыматтарды (банк сыры ) үчүнчү жактарга берүү. Банктарды кошпогондо, бул маалыматтар ишенилип берилген же алардын кызматына же иштерине байланыштуу белгилүү болуп калган үчүнчү жактар ал маалыматтарды берүүгө укуктары жок. КРУБ мамлекеттик органдарга (КР Эсеп палатасына, салык органдарына ж. б.), кызмат адамдарына, жарандарга же болбосо кандайдыр бир үчүнчү жактарга түздөнтүз мыйзамда каралган башка жагдайларды кошпогондо, банктар менен өзара мамилелеринин жүрүшүндө ага белгилүү болуп калган банктык сырларды түзүүчү маалыматтарды берүүгө акысы жок.

Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук: