Menu
Эл-Сөздүк

Бажы чегарасы

БАЖЫ ЧЕГАРАСЫ – мамлекеттин бажы аймагын курчап турган шарттуу тилке. КР Б. ч. КР бажы мыйзамдары колдонулган мейкиндикти чектеп, коңшу өлкөлөрдүн бажы аймагынан бөлүп турат. Тышкы жана ички Б. ч. деген түшүнүккө бөлүнөт. Мамлекеттин бажы аймагынан сырткары жерлер тышкы Б. ч. болуп саналат; ал адатта мамлекеттик чегара менен шайкеш келет (бажы анклавынан, эксклавдардан жана башка учурлардан сырткары). Тышкы Б. ч-нда мамлекеттик чегара жөнүндөгү мыйзамдарда белгиленген административдик-укуктук режим иштейт. Чегара аскери менен кошо бажычылар тарабынан корголот. Бажы аймагынын боштугу менен кампалардын боштук чеги ички Б. ч. болуп саналат. Ал укук статусу боюнча тышкы менен теңдештирилген: эркин аймак жерлери чегара сыяктуу каралгандыктан, ага кирүү атайын көзөмөлдүк өтүмжай аркылуу өтүмкат менен гана жүргүзүлөт. Ички Б. ч. аркылуу өтүүдө жүк менен колжүктөр мамлекеттик чегарада колдонулуучу бажы тартиби боюнча өткөрүлөт. Ал эркин бажы аймагынын администрациясы менен бирдикте бажычылар тарабынан корголот.

So following similar words is found:
strtoupper(KG)
Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук: