Меню
Эл-Сөздүк

Бажы көзөмөлүнүн аймагы

БАЖЫ КӨЗӨМӨЛҮНҮН АЙМАГЫ – адамдардын, товардын, унаа каражаттарынын ары-бери өтүүсүнө бажы көзөмөлү жүргүзүлүүчү, ошондой эле өндүрүш ж. б. коммерциялык иштер жасалуучу (бажы органдары тарабынан белгиленген) өзгөчө тартип орнотулган КР бажы аймагынын атайын бөлүнгөн жана белгиленген бөлүгү. КР бажы чегарасына чукул жайгашкан аймак: мамлекеттик чегарадан өткөрүү жайларында; эркин экономикалык аймактын эркин экономикалык бажы чегиндеги же бажы көзөмөлүндө турган буюмзаттарды сактай турган уюмдардын кампаларын, КР бажы жайларында, ошондой эле Б. к. а. эларалык аэробекеттерде жайгашкан бажы кампаларынын аймагында, убактылуу сактоо кампаларынын аймагында, алымсыз соода дүкөндөрүнүн аймагында да жайгаштырылат. Б. к. а. КР чегара тилкесинен ичкери карай 30 чакырымга чейин узата кетет.

Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук: