Меню
Эл-Сөздүк

Бажы жыйымдарынын туруктары

БАЖЫ ЖЫЙЫМДАРЫНЫН ТУРУКТАРЫ – бажы чегарасынан алынып өтүлгөн товардын бажылык наркына карата белгилүү бир өлчөмдө белгиленүүчү, улуттук же чет өлкөлүк валютадагы акчалай суммалар. Б. ж. т. бирдиктүү болот жана мыйзамдын өзүндө каралган учурлардан башка жагдайларда өзгөртүүгө жатпайт. Б. ж. т. мыйзам менен белгиленет жана анда көрсөтүлгөн мөөнөт ичинде өзгөрүүгө учурабайт. КРде Б. ж. т-нын төмөндөгү түрлөрү колдонулат: төлөм коюлуучу товардын бажылык наркына карата пайыз менен эсептелүүчү адвалордук туруктар; төлөм коюлуучу товарлардын бирдиги үчүн белгиленген өлчөмдө эсептелүүчү атайын туруктар; аталган эки түрдү айкалыштырган аралаш туруктар.

Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук: