Меню
Эл-Сөздүк

БОРООНЧУ

БОРООНЧУ — каарман, кытай кандарынын бири, баатыр. Эпосто көбүнчө «Кара жалдуу Бороончу» деген туруктуу эпитет менен айтылат да, кытай кандарынын катарында такай эскерилет. Көкөтөйдүн ашында эр сайышка кытайлар тараптан Коңурбай чыгарын Кошойго Б. билдирет (Сагымбай Орозбаков, 3. 238). Чалгынга барган Алмамбет менен Сыргак кытайлардын жылкысын тийип алгандагы кагылышта Алмамбет, Чубак менен найзалашкан (Сагымбай Орозбаков, 4. 302—304), Чоң казаттагы согушта Манас менен бетме-бет келип найза сайышууга кудурети жеткен чоң баатыр (Сагымбай Орозбаков, 4. 333). Саякбай Каралаевдин варианты нда Жолой менен Нескарага көп кол берип, Эсенкан экинчи жолу Манаска жибергендеги согушта Кутубийдин найзасынан өлөт (Саякбай Каралаев, 1. 140).


Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук: