Menü
Эл-Сөздүк

БОЛОТ

БОЛОТ — эпизоддук кейипкер, Кыз Сайкалдын кырк чоросунун башчысы. Сайкалга байланыштуу эпизоддордо жана Манас Карачадан Аккуланы сатып алгандагы эпизоддо катышат.

БОЛОТ

БОЛОТ — эпизоддук кейипкер, Манастын Алтайда жүргөндөгү жолдошторунун бири. Жакып эл чогултуп Алтайдан Анжыянга көчөлү деген кеңешке Манас менен бирге келгени айтылат (Сагымбай Орозбаков, 2. 18).

БОЛОТ

БОЛОТ — Чубактын өз ысымы. Радлов жазып алган вариантта бирде Чубак деп берилсе, бирде «Акбалта уулу Болотум, чором», — деп айтылат. Сагымбай Орозбаковдун вариантында: Акбалтанын Чубагы Болот эле өз аты Чууга жакын болгондон Чубак болду бу дагы — (Сагымбай Орозбаков, КФ., 657инв., 69-б.)— делип Чубак Б-тун чын аты экени айтылат, к. Чубак.

болот

болот, болоту, болотту

болот

зат. Темир жана бир аз углероддун кошундусунан пайда болгон күмүш түстүү өтө катуу металл. Болот труба. Болот кылыч.

Также найдены следующие похожие слова на Кыргызском языке
strtoupper(KG)


Похожие слова на других языках:

RU
Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук: