Меню
Эл-Сөздүк

БОКЧО

БОКЧО (иранча бокча — түрмөк, таңык)—1) баалуу буюм-терим сакталуучу сандыкча, куржун баштык; 2) бирөөнүн сырын, ал-жайын билүү үчүн жасалган аракет. Сагымбай Орозбаковдун вариантында буюм сакталуучу нерсе катарында «Канча там толгон дүйнө бар, Арттырып бокчо катпаңар» (Сагымбай Орозбаков, 3. 66),— деп айтылат. Ал эми Саякбай Каралаевдин варианты нда Б-нун сүрөттөлүшүн төмөнкү саптардан көрөбүз:
Колдун баарын мол жыйнап,
Үй үстүнөн басалы.
Үйүң күйгөн буруттун
Капкайда жинин чачалы,
Бокчолорун тинтели.
Төрүнө чийип сызыкты,
Кызыталак бурутка
Бир кылалы кызыкты (Саякбай Каралаев, 1. 34).


бокчо

зат. 1. Капчык, баштык. Кемпирдин чечет бокчосун карап, Көбүнүн үйүн алыптыр талап (Абдыраманов). Боз коёндон түлкү көп, Бокчого жыйган мүлкү көп («Манас»).
2. Баланы же бешикти өңөрүү үчүн ээрдин алды жагына коюла турган кичине таңгак.

Также найдены следующие похожие слова на Кыргызском языке
strtoupper(KG)
Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук: