Меню
Эл-Сөздүк

Акты жасоо ордунун мыйзамы

АКТЫ ЖАСОО ОРДУНУН МЫЙЗАМЫ (lex loci actus ) – эларалык жеке укуктагы жарандык-укуктук акт жасалган (м.: керээзкат түзүлгөн, ишенимкат жазылган, келишимге кол коюлган) аймактагы мамлекеттин укугу колдонулушун билдирген бекитүү формуласы. Ал жалпыланган формула болгондуктан, мына ушундай түрүндө такай эле колдонула бербейт, анткени «жарандык-укук акт» – көп жактуу жарандык-укуктук иш-аракетти камтып турган өтө кеңири түшүнүк. Ошондуктан, кандай ишчара тууралуу сөз жүргөндүгүнө жараша керектүү басым коюлат. Келишим түзүлүүчү жердин мыйзамы, келишимди аткаруучу жердин мыйзамы, зыян келтирген жердин мыйзамы – анын эң кеңири тараган түрү болуп саналат.

Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук: