Меню
Эл-Сөздүк

АНТОЛОГИЯ КИРГИЗСКОИ ПОЭЗИИ

«АНТОЛОГИЯ КИРГИЗСКОИ ПОЭЗИИ» («Кыргыз поэзиясынын антологиясы»)— кыргыз поэзиясынын тандалган үлгүлөрүнүн жыйнагы (М„ «Государственное издательство художественной литературы», 1957). Көлөмү 444 б. Антологияга «Манас» эпосунан Баатырдын төрөлүшү (29—38-б.), Жамбы атыш (39 — 47-б.), Семетейдин элине кайтышы (48—54-б.), Сейтектин энеси менен коштошкону (55—61-б.) деген үзүндүлөр кирген. Которгондор: С. Липкин, Л. Пеньковский, Б. Державин. Үзүндүлөрдүн кайсы манасчынын айтымы боюнча экендиги көрсөтүлбөгөн.


Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук: