|
Эскертүү
|
|
ЭСКЕРТҮҮ – 1) биринчи ирээт чоң коркунуч келтирбеген же орто оордуктагы кылмыш жасаган жашы 18ге толо элек адамга берилүүчү тарбиялык таасир этүүнүн мажбурлоо чараларынын бири. Ал анын жосуну келтирген залалды жана КР кылмыш-жаза мыйзамдарында каралган кылмыштарды кайталап жасоонун кесепеттерин түшүндүрүүдө турат. 2) КР мыйзамдарында каралган административдик жаза чараларынын бири, ал жасалган административдик укук бузууну мамлекет тарабынан ырасмий айыптоодон жана жеке же юридикалык жакты укукка каршы жүрүм-турумдарга жол бербөөсүн эскертүүдөн турат. Э. жазуу жүзүндө чыгарылат.
|