Меню
Эл-Сөздүк

көтөр

этиш 1. Мурунку ордунан өйдөлөтүү, жогоруга чыгаруу, колго алуу. Калк жабыла кетмен, күрөктөрүн көтөрдү (Убукеев). Туу көтөргөн элди ырдайлы, Асты токто дебечи (Маликов).
  1. 2.                  Көтөрмөлөө, колдоо, өстүрүү, жогорулатуу. [Чоголоев] жаштарды көтөрүп жатат. Мунун баары жакшы иш (Каимов). Тарбиялап көтөрдүң Кедей менен жакырды (Барпы).
  2. 3.                  Куруу, тургузуу, тигүү (дубалды, боз үйдү ж. б.). Көтөрүп койгон үйү жок, Көрүшүп келген бийи жок («Эр Табылды»). Бул дубалды ким көтөргөн? (Турусбеков).
  3. 4.                  Ишке, кызматка, бийликке коюу, дайындоо. Алты миң түтүн кыргызга Хан көтөрүп коёюн («Эр Табылды»).
  4. 5.                  Бийиктетүү, катуулатуу (мис., үндү, дабышты). Салык ишенимдүүлүк менен үнүн көтөрө сүйлөдү (Каимов). Нагыз элдик обонго салып, кайруусун бийигирээк көтөрөт (Сыдыкбеков).
  5. 6.                  Чыдоо, моюн сунуу, көнүү. Эркелесем эркелигим көтөргөн, Меңин энем кагылайын кыргыз эл (Үмөталиев).
  6. 7.                  Ичип жиберүү (ичкиликти)! Кана, жеңиштен кийин таттуу көрүшүү үчүн ушул ачуу аракты көтөрөлүк (Сыдыкбеков).

¨ Баш көтөрүү к. баш. Бой көтөрүү к. бой. Көөдөнүн көтөрүү к. көөдөн. Мурдун көтөрүү к. мурун I. Сиркеси суу көтөрбөө — чыртылдоо, кыртышы сүйбөө, эч нерсени жактырбоо. Көкүрөгүн көтөрүү к. көкүрөк. Түп көтөрө — жабыла, жапырт, баары тең. Түп көтөрө эл-журттун, Баарын чогуу жыйнады («Эр Төштүк»). Бүгүн таң азандан тартып эле бүткүл Ак-Буура бою түп көтөрө ордунан турду (Абдукаримов).

Также найдены следующие похожие слова на Кыргызском языке
strtoupper(KG)
Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук: