|
Чечим (резолюция)
|
|
ЧЕЧИМ (РЕЗОЛЮЦИЯ) (лат. resolutio – чечим) – 1) жамааттык органда же кандайдыр бир коомдук ассоциациянын (бирикменин) мүчөлөрүнүн чогулушунда талкуулоонун натыйжасында кабыл алынган кайсы бир маселенин чечилиши; 2) ыйгарым укуктуу кызмат адамынын өзүнө баш ийген кызматчыга берген көрсөтмөсүн, тапшырмасын же тескемесин чагылдырган иш кагазынын четиндеги жазуу.
|