Э-создук - мультиязычный онлайн словарь  
+ Добавить слова для перевода
ВходРегистрация
через соц. сети
<->
 
Яндекс переводчик <->
История Ваших переводов:
 
 
История/закладки
Онлайн инфо/переводы
Онлайн переводчик
Найденные
Перевод/результат для - Хозяйственные товарищества и общества
 

Хозяйственные товарищества и общества

 
Чарбалык шериктештиктер жана коомдор

Хозяйственные товарищества и общества

 
ЧАРБАЛЫК ШЕРИКТЕШТИКТЕР ЖАНА КООМДОР – КР жарандык мыйзамдары боюнча капиталы түзүүчүлөрүнүн (катышуучуларынын) үлүштөрүнө (салымдарына) ажыратылып бөлүнгөн коммерциялык уюмдар. Түзүүчүлөрүнүн (катышуучулардын) салымдарынын эсебинен пайда болгон, ошондой эле Ч. ш. ж. к-дун ишмердиктеринин жүрүшүндө өндүрүлгөн жана сатылып алынган мүлктөр аларга менчик укугунда таандык болот. КР жарандык мыйзамдарында каралган учурларда, чарбалык коомду анын жападан-жалгыз катышуучусу болуп калуучу бир эле адам түзүшү мүмкүн. Чарбалык шериктештиктер толук шериктештик жана коммандиттик шериктештик түрүндө түзүлөт. Чарбалык коомдор – акционердик коомдор, чектелген же кошумча жоопкерчиликтеги коомдор түрүндө түзүлүшү мүмкүн. Толук шериктештиктин катышуучулары катары жеке ишкерлер жана/же коммерциялык уюмдар чыга алышат. Чарбалык коомдордун катышуучулары жана коммандиттик шериктештиктин аманатчылары – жарандар жана юридикалык жактар болот. Мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдары, эгер мыйзамда башка жагдай каралбаса, чарбалык коомдун катышуучулары жана коммандиттик шериктештиктин аманат салуучулары боло алышпайт. Мыйзамдарда тыюу салынбаган учурларда Ч. ш. ж. к. башка Ч. ш. ж. к-дун түзүүчүсү (катышуучусу) боло алышат. Чарбалык шериктештиктер, ошондой эле чектелген же кошумча жоопкерчиликтеги коомдор акция чыгара алышпайт.

Хозяйственные товарищества и общества

 
чарбачылык шериктиктер жана коомдор


Хотите добавить свой перевод для слово: "Хозяйственные товарищества и общества"? Ввойти


Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук:
Language:
Кыргызские пословицы и поговорки с переводом на русский язык
Онлайн - рег.= = =
Рейтинг@Mail.ru