|
Жармакташ комиссия
|
|
ЖАРМАКТАШ КОМИССИЯ – комиссия келишимине карата жардамдаш келишим. КР жарандык мыйзамдары боюнча, эгер комиссия келишиминде башка жагдай каралбаса, комиссионер (ал келишимди пайдалануу максатында) комитенттин алдында жоопкер болуп калуу менен башка жак менен Ж.к. келишимин түзүүгө акылуу. Ж.к. келишими боюнча комиссионер жармакташ комиссионерге карата комитенттин укуктарын жана милдеттерин алат. Комиссия келишими аяктаганча комитент (комиссионердин макулдугусуз), эгер комиссия келишиминде башка жагдай каралбаса, жармакташ комиссионер менен түздөнтүз мамилелешүүгө акысы жок болот.
|