|
Аялдарды жана балдарды соодалоо
|
|
АЯЛДАРДЫ ЖАНА БАЛДАРДЫ СООДАЛОО – эларалык мүнөздөгү кылмыш. ХХ кылымдын биринчи жарымында бул маселелер боюнча биркатар макулдашуулар түзүлгөн. Жыйынтыгында алар адамдарды сатууга жана үчүнчү жактардын сойкуларды пайдаланууларына каршы күрөшүү жөнүндө БУУнун (IV) Башкы Ассамблеясынын 317-тескемесине ылайык 1949-жылы 2-декабрда кабыл алынган (1951-жылы 25-июлда күчүнө кирген) кол коюу үчүн ачык Конвенция менен алмаштырылган. Конвенциянын 1-жана 2-статьяларында анын катышуучулары күнөөлүү адамдарды жазага тартууга милдеттенишкен иш-аракеттер саналып көрсөтүлгөн.
|