|
Ходатайство
|
|
ӨТҮНМӨ (СУНУШТАМА) – жогорку баскычта турган мамлекеттик органга (коомдук уюмга) даректелген ырасмий өтүнүч же сунуштама; 1) Ө. жарандардын кайрылууларынын (арыз, петициялары менен бир катардагы) бир түрү катары каралашы мүмкүн. КР жарандыгына кабыл алуу же жарандыгынан чыгуу жөнүндөгү өтүнүчтөр, референдум өткөрүү боюнча демилгелүү топту каттоо жөнүндөгү, кишилерди качкындар же аргасыз ооп келгендер катары таануу өтүнүчтөрү Ө. мисалдары болуп саналат; 2) сот өндүрүшүндө иштин катышуучусунун алгачкы тергөө органдарына, тергөөчүгө, прокурорго, судьяга, сотко процессуалдык аракеттерди ишке ашыруу же чечимдерди кабыл алуу жөнүндөгү ырасмий өтүнүчтөрү Ө. деп түшүнүлөт; 3) соттолгондор кечирим берүү өтүнүчтөрү менен кайрылууга укуктуу. Ө. түзөтүү мекемелеринин жетекчилиги тарабынан жүрүм-туруму жакшы мүнөздөлгөн соттолгондорго берилүүсү ыктымал; 4) Ө. суроо-талам жана арыз менен бир катарда КР Конституциялык сотуна кайрылуунун дагы бир таризи; 5) Ө. түрүндө райондор аралык сот өндүрүшүндө кудуретсиздик жөнүндөгү иштер козголот.
|