ход |
1. (движение) жүрүү, жүрүш; ход поезда поезддин жүрүшү; во время хода поезда поезд жүрүп бара жатканда; на полном ходу поезда поезд аябай катуу жүрүп бара жатканда; ход вперёд алга жүрүш; тихий ход акырын жүрүш; дать задний ход кетенчиктетүү, артка жүрүү; ход планет планеталардын жүрүшү; два часа ходу эки сааттык жол; 2. (работа, совершаемая механизмом) кыймыл, жүрүш, ык, багыт; учуш (самолёта); ход поршня поршендин жүрүшү; холостой ход см. холостой; ход руля ав. рулдун багыты; плавный ход мотора мотордун бир калыпта жүрүшү; ход часов сааттын жүрүшү; по ходу часовой стрелки сааттын стрелкасынын жүрүшүнө карата; 3. перен. (развитие, течение) жүрүш, жүрүү, өрчүш, өрчүү, өсүү, багыт, агым; в ходе борьбы күрөштүн жүрүшүндө; судя по ходу вещей иштин жүрүшүнө караганда; при таком ходе событий окуялардын мындай болуп турганында; ход истории тарыхтын (тарыхый окуялардын) өрчүшү (багыты); 4. (вход, проход) кире бериш, өтүш, эшик, жол; чёрный ход короо жактан (көчө жактан эмес) кирме эшик; парадный ход көчө жакка чыгуучу эшик; ход со двора короо жактан кире турган эшик; 5. жол; ходы сообщения воен. окоптордо катташ жолдору; 6. (в игре) жүрүү, жүрүш, ыкма; ваш ход жүрүш сиздики, сиздин жүрүшүңүз; чей ход? жүрүш кимдики?; ход пешкой шахм. пешка менен жүрүш; ход коня шахм. аттын жүрүшү; сделать ход конём шахм. ат менен жүрүү, атты жүрүү; ход тузом карт. туз менен жүрүү, тузду жүрүү; ловкий ход ыктуу жүрүш, эпчил жүрүш; 7. (ось с парой колёс) ок (кош дөңгөлөк огу менен); передний ход телеги арабанын алдыңкы огу; 8. (колёса с ободом) алкактуу дөңгөлөк, алкагы бар дөңгөлөк; коляска на резиновом ходу резина дөңгөлөктүү тырашманке; на железном ходу огу темир араба; телега на деревянном ходу огу жыгач араба; на гусеничном ходу огу гусеницадан турган араба, жылан боор алкак; 9. (время прохода рыбы): весенний ход рыбы балыктын жазгы өрдөшү, балык өтүүчү убак; он знает все ходы и выходы ал жолун билет, эбин табат; ал эшик-тешигин бүт билет; в ход пойти колдоно баштоо; иштетиле, жумшала баштоо; в ходу или в большом ходу кең түрдө колдонулат, суроосу кең; это у нас в ходу бул бизде кең түрдө колдонулуп жатат; пустить в ход 1) (в движение) жүргүзүү; пустить в ход машину машинаны жүргүзүү; 2) перен. (в употребление) колдонулууга киргизүү; пустить в ход все средства бардык каражатты колдонууга киргизүү, бардык каражатты ишке жумшоо; дать ход 1) чему тийиштүү жерге жиберүү (мис. келген арызды текшерүүгө); 2) чему, перен. өстүрүү, өнүгүүгө мүмкүндүк берүү; ему не дают ходу ага жол бербейт; идти полным ходом абдан ылдам жүрүү, абдан ылдам өрчүү (баруу); работа идёт полным ходом жумуш эң тездик менен жүрүп жатат; с ходу разг. токтобой, жүрүп баратып; на ходу 1) жүрүп бара жатканда (мис. трамвайдан секирип түшүү); 2) разг. басып бара жатып; закусить на ходу басып бара жатып тамак жеш; 3) (в действии) иштеп жатат (мис. ишкана); пойти в ход бир нерсе колдонула баштоо, керектеле баштоо. |
Ход |
|