|
Страхование
|
|
КАМСЫЗДАНДЫРУУ – белгилүү бир окуялар (камсыздандыруу учурлары) келип чыкканда, жеке жана юридикалык жактардын мүлктүк кызыкчылыктарын коргоо жагындагы жарандык-укуктук мамилелер, камсыздандыруучулар төлөгөн акылардан түзүлүүчү акчалай фонддун эсебинен жүзөгө ашырылат. К., жаран же юридикалык жак (камсыздануучу) менен камсыздандыруу уюмунун (камсыздандыруучунун) ортосунда түзүлгөн өздүк жана мүлктүк К. келишимдеринин негизинде ишке ашырылат. Өздүк К. келишими ачык келишим болуп саналат. Укукка сыйбаган мүдөөлөрдү К-га жол берилбейт. Ошондой эле, оюндарга, лотереяларга, мелдешүүгө катышуудан улам мүмкүн болуучу зыяндарды К-га да тыюу салынат. К. объектиси бир нече камсыздануулар менен бирдикте бир эле К. келишими боюнча камсыздандырылышы мүмкүн (кошо камсыздандыруу ). Өздүк К. жана мүлктүк К. ыктыярдуу К. жана милдеттүү К. айырмаланат. Кайра камсыздандыруу , өзара К. д. у. с. К-нун өзгөчө түрлөрү болуп саналат.
|