|
Ангария
|
|
АНГАРИЯ (гр. angareia ) – эларалык укукта согушуп жаткан тараптардын биринин аймагында калган бейтарап өлкөлөргө тиешелүү кеме ж. б. унаа каражаттарын (ага темиржол унаасынын кыймылдуу тутуму да кирет) ошол тараптын согуштук максатта колдонушу. Ага өтө зарыл учурда жана кийин ордун толтуруу шартында гана жол берилет. Мындай чектөөлөр согуш мыйзамдары менен салттары жөнүндөгү 1907-жылкы Гаага конвенцияларында каралган.
|