|
Членовредительство
|
|
МҮЧӨМАЙЫПТОО – КР кылмыш-жаза мыйзамында аскер кызмат милдетин өтөөдөн кутулуу ыкмаларынын бири. Денесинин аргандай мүчөлөрүнө же денесине аң-сезимдүү түрдө аргандай ыктар менен зыян келтирүүдөн көрүнөт; ок атуучу же кандуу жарактар, кесүүчү же тешүүчү заттар, унаа каражаттарын же башка механизмдерди колдонуу, дары-дармектерди же уулуу заттарды ичип ийүү, теринин алдына аркыл суюктуктарды сайынуу ж. б. Денсоолугуна күнөөлүү өзү, ошондой эле анын өтүнүчү боюнча башка адам залал келтирүүсү мүмкүн.
|