Menu
Эл-Сөздүк

өпкө

1. лёгкие;
мени чирик өпкө Сексенбай дейсиңби? ты что ж, меня гнилушкой Сексенбаем считаешь? (нет, я здоров);
суук өпкөдөн өтүп кетти холод пронизывает;
өңү бышкан өпкөдөй цвет лица его (от испуга, от злости) серый;
өпкө кызыл красноватый, не ярко-красный;
сүт өпкө или куйган өпкө то же, что олобо;
2. бока (верхового животного, человека);
атын өпкөгө теминип (о всаднике) ударяя своего коня ногами в бока;
өпкөгө тээп ийдим я пнул в бок (ниже рёбер);
3. перен. обида;
өпкө кыл- обижаться;
өлкө туш как раз против;
Калыбектин үйүнүн өпкө тушунан өтүл бара жатып, үй жагына бурулуп бир карады эле проезжая против дома Калыбека, он обернулся в сторону дома и взглянул;
өпкө-жүрөгүн тиштеп (он) бесстрашно, презирая смерть (напр. пошёл на врага);
өпкөсү жок
1) слабый, бессильный;
2) глупый, недалёкий;
өпкөсү оозуна келди (у него) дух занимается;
жел өпкө хвастун, пустозвон;
жел толгон эле өпкө (о человеке) напыщенный и пустой;
ала өпкө грубо самонадеянный;
кара өпкө
1) повальная болезнь, чума коз;
2) проклятие по адресу коз;
ак өпкө название болезни лёгких;
жоон өпкө важничающий;
өлкөсү көөп калыптыр
1) (о ребёнке) он взахлёб плачет;
2) он очень возбуждён, он горячится;
өлкөсү ичине батпайт
1) он плачет с захлёбом;
2) он очень обиделся;
өпкөсү өпкөсүнө батпай ыйлады (о ребёнке) он плакал с захлёбом;
кичинекей кыз өпкөсү өпкөсүнө батпай, үйүнө ыйлаган бойдон барды маленькая девочка с горьким плачем пошла к себе домой;
өпкөсүн калбыр кылып жалынат он слёзно умоляет;
жалына берип, өпкөм калбыр болду я униженно, слёзно умолял;
өпкө чап- этн. стукать (больного) лёгкими только что зарезанного животного (овцы или козы) и бросать эти лёгкие собаке (считается, что вместе с этими лёгкими на собаку переходит и болезнь или несчастье);
өпкө-жүрөгүн чаап жалбарат он усиленно упрашивает;
өпкө-жүрөгүмдү чабайын или өпкөмдү чабайын милый ыой, ненаглядный мой (выражение ласки, преданности, желания пожертвовать собой; напр. так говорит мать своему ребёнку);
өпкө кагып он горько плачет;
калбыр өпкө (о коне) неутомимый;
өпкө чөп чуйск. прангос (подвид растения аюу чач (см. чач I); в народной медицине употребляется при болезни лёгких);
өпкө менен салыш или өпкө чабыш или өпкө чаптырмай уст. состязание: раздетые до пояса пешие или всадники били друг друга лёгкими только что зарезанного животного (устраивались эти состязания на больших пирах, на богатых поминках);
өпкөсүн оозуна тиштеп айтышты он с ожесточением спорил;
бир топко өпкөлөрүн ооздоруна тиштешсин пусть они некоторое время крепко поговорят (решительно потребуют);
өпкө кап южн., тяньш. или өпкө тон тяньш. то же, что чыптама;
өпкө как- см. как- IV;
өпкөсү казанбактай см. казанбак.

өпкө

легкие (анатом.)

өпкө

1. akciğer
2. sinir.

өпкө

өпкө (өкпө эмес)
өпкө абсцесси (мед.)
өпкө артериясы (мед.)
өпкө байламтасы (мед.)
өпкө гипертониясы (мед.)
өпкө-жүрөгү оозуна тыгылуу
өпкө-жүрөгүн чабуу
өпкө-жүрөк (мед.)
өпкө инфаркты (мед.)
өпкө кагуу
өпкө кагыны
өпкө кап (диал.)
өпкө көптүрүү
өпкө нервдери (мед.)
өпкө-өпкөсүнө батпоо
өпкө-өпкөсүнө тийбөө
өпкө параличи
өпкө пневмониясы
өпкө туберкулёзу (мед.)
өпкө чабуу
өпкө чабыш (оюн)
өпкө чеги (мед.)
өпкө эмфиземасы (мед.)
өпкөгө кирүүчү аба (мед.)
өпкөдө калуучу аба (мед.)
өпкөдөн кысуу (мед.)
өпкөдөн сезгениши (мед.)
өпкөмдү чабайын!
өпкөнү жасалма дем
алдыруу
өпкөнүн аба сыйымдуулугу
өпкөнүн бөлүктөрү
өпкөнүн калыңданышы
өпкөнүн нерв түйүнү
өпкөнүн рак оорусу
өпкөнүн сезгениши
өпкөнүн чаңга басылышы
өпкөнүн шишиги (мед.)
өпкөсү жок (көйрөң)
өпкөсү казанбактай болуу
өпкөсү казандай
өпкөсү көбүү
өпкөсү көрүнүү
өпкөсү оозуна келүү
өпкөсүн калбыр кылуу
өпкөсүн колуна алуу
өпкөсүн колуна кармоо
өпкөсүн үзүү

өпкө

зат. 1. Көкүрөк клеткасынын ичине орношкон адамдын жана жаныбарлардын дем алуу органы. Өпкөдем алуу органы. Койдун өпкөсү.
2. Өпкө турган туш; каптал. Анан бир чапса эки мөңкүгөн, Шыйпаң торусун өпкөгө тепкилеп, Дарбыз жейин деп, арабакечтерге жете келди (Шүкүрбеков).
3. өт. Таарыныч. Балам өлсө барбапсың, Таарынган өпкө, кирди айтам (Токтогул).
Ала өпкө — ала көөдөн, менменсип курулай күүлөнмө. Апырылтып калп айтып, Ала өпкө болот ары жок (Токтогул). Жел өпкө к. жел I. Өпкөсүн колуна кармоо — обу жок мактанып желиге берүү, көкүрөгүн өргө айдап абдан мактануу. Өпкөсү жок — желиккен мактанчаак, курулай күүлөнүп желиге берме, дардаңкүү. Ак өпкө — жөткүртүп, жөтөлтө берүүчү мал оорусунун аты. Жоон өпкө — мен-менсинген ала көөдөн. Өпкөсү көбүү — 1)шолоктоп ыйлоо, аябай катуу ыйлоо; 2) дардаңдап мактануу, менменсинүү, желигүү. Өпкөсү өпкөсүнө батпоо — абдан энтиге солуктап ыйлоо, көп ыйлап абдан өпкөсү көөп калуу. Кара өпкө — 1) абдан жугуштуу эчки оорусу. Кара өпкө болгон эчки көздөнүп (Жантөшев). 2) эчкилерге карата тилдөө, каргыш иретинде айтылуучу сөз. Өпкөмдү чабайын — бирөөгө карата (көбүнчө балага карата) жалынып-жалбаруу иретинде айтылат. Оозуңа май, өпкөмү чабайын, — деди Гүлайым (Абдукаримов). Өпкөсүн калбыр кылуу — аябай жалынып-жалбаруу. Өпкө чабыш же өпкө чаптырмайэс. чоң аш-тойлордо эки адам жаңы союлган малдын өпкөсү менен көйнөксүз жылаңач этке салгылашкан оюн, мелдеш. Өпкө чабуу — бирөө аман-эсен келгенде же оорудан айыкканда кырсык, оору ушуну менен чыгып кетсин деген ырым менен эчки союп, өпкөсүн ошол кишиге тийгизгенден кийин, башынан тегеретип, көбүнчө итке таштоо. [Калтабай] бир улак алдырып келди да,.. Сатылганга өпкө чапты (Аалы). Өпкөсү казанбактай болуу абдан катуу таарынып калуу. Өпкө тон же өпкө кап диал. жеңи жок кыска желетке, чыптама.
Основные характеристики
Часть речиИмя существительное
Ед. числоөпкө
Множ. числоөпкөлөр
Склонение по падежам - "өпкө"
Ед. число
ПадежиЕд. число
Именительный Кто?, Что?өпкө
Родительный Чей?өпкөнүн
Дательный Кому?, Чему?, Кому?, Куда?өпкөгө
Винительный Кого?, Что?өпкөнү
Местный Где?, У кого?өпкөдө
Исходный Где?, У кого?өпкөдөн
Множ. число
ПадежиМнож. число
Именительный Кто?, Что?өпкөлөр
Родительный Чьи?өпкөлөрдүн
Дательный Кому?, Чему?, Кому?, Куда?өпкөлөргө
Винительный Кого?, Что?өпкөлөрдү
Местный Где?, У кого?өпкөлөрдө
Исходный Откуда?, От кого?өпкөлөрдөн

Examples of translations: өпкө

Kyrghyz Russian
өпкө легкое
өпкө; легкие;
Алсак, жыл сайын өпкө рагынан каза тапкан адамдардын саны жөнүндөгү кабарда бул цифра килейген авиалайнердин күн сайын кыйрашы менен барабар экендиги көрсөтүлүшү ыктымал. История о количестве людей, которые умирают от рака легких каждый год можно отметить, что она является эквивалентом аэробус сбой каждый день.

Examples of translations: өпкө

Kyrghyz English
өпкө lung
өпкө; lungs;
Алсак, жыл сайын өпкө рагынан каза тапкан адамдардын саны жөнүндөгү кабарда бул цифра килейген авиалайнердин күн сайын кыйрашы менен барабар экендиги көрсөтүлүшү ыктымал. A story about the number of people who die of lung cancer every year might note that it is the equivalent of a jumbo jet crashing every day.

So following similar words is found:
strtoupper(KG)
Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук: